Бишкек шаарынын мэри Эмилбек Абдыкадыровдун буйругуна ылайык, Азамат Ишенбаев легендарлуу «Алга» футбол клубунун жетекчисинин орун басары болуп дайындалды. Жаңы кадрды коллективге Бишкек шаарынын мэриясынын Маданият, спорт, туризм жана жаштар менен иштөө департаментинин директорунун орун басары Жоомарт Шамканов тааныштырды.

Азамат Ишенбаев жаш жеткинчек кезинде “Бишкек Алга” клубунун курамында Кыргызстандын жогорку лигасында ойногон. 1997-жылы Бишкектин «Динамосуна» өтүп, Кыргызстандын чемпионатынын үч жолку чемпиону (1997, 1998, 1999) жана күмүш (2000) байге ээси болгон. 2000-жылы 16 гол киргизип, чемпионаттын эң мыкты 5 бомбардиринин катарына кирген.

Жалпысынан карьерасында 136 гол киргизген жана Алмаз Чокморовдун клубунун бомбардирлеринин курамында.

2010-жылы кыргыз футболун өнүктүрүүгө сиңирген эмгеги үчүн Кыргыз Республикасынын Президентинин Ардак грамотасына татыган.

3 диплому бар: юридикалык, банк ишкери, финансы жана кредит.

Азамат Ишенбаевге футболду өнүктүрүүдө мындан аркы ийгиликтерди каалайбыз!