Вице-мэр Нурлан Шаршеналиевдин  жетекчилиги астында  эксперттик топ муниципалдык менчик жана жерди пайдалануу маселелерин талкуулашты.

Жыйындын катышуучулары муниципалдык жерлердин эсебинен жер аянтын өз алдынча көбөйтүү үчүн жеке турак жайлардын менчик ээлери менен ижара келишимин түзүү маселесин чечүү жолдорун талкуулашты.

Эске салсак, муниципалитеттин буйругу менен эксперттик кеңеш түзүлүп, анын курамына ишмердүүлүктүн ар кыл тармагынын адистери кирген. Ал социалдык маанилүү маселелер боюнча чечимдерди кабыл алууну даярдоо процесстерине эксперттик колдоо көрсөтүү, ошондой эле борборду өнүктүрүүнүн актуалдуу маселелери боюнча эксперттик корутундуларды иштеп чыгуу үчүн иштелип чыккан.