«Бишкекжашылчарба» муниципалдык ишканасы курулуп жаткан билим берүү мекемелеринин жанаша жайгашкан аймагын көрктөндүрүү иштерин жүргүзүүдө.
“Алтын-Ордо” жаңы конушундагы Алтын-Ордо көчөсү, 15 дарегиндеги мектептин жана Үсөнбаев көчөсүндө жайгашкан №10 орто мектептин аймагын көрктөндүрүлүүдө.
Борбор калаанын багбандары Алтын-Ордо конушундагы мектептин аймагына көчөттөрдү отургузуу үчүн жерди түздөп, топурак түшүрүп башташты, жакында бул жерде арча, гибискус, липа жана башка көптөгөн жалбырактуу жана ийне жалбырактуу көчөттөр өстүрүлөт.
№10 мектептин аймагында "Бишкекжашылчарба" ишканасынын жумушчулары газон себүүнү аякташты, отургузууга ыңгайлуу шарттар түзүлүп, ийне жалбырактуу жана бадалдуу өсүмдүктөрдү отургузуу иштери башталат.
Муниципалитеттин ар бир кызматы жаңы объектилердин курулушуна салым кошууда.