Свердлов райондук администрациясынын кызматкерлери №17 МАБ, Бишкек мэриясынын көрктөндүрүү жана жер пайдаланууну көзөмөлдөө боюнча муниципалдык инспекциясы менен биргеликте борбор калаада тартипти орнотууну улантууда.

Кызматкерлер чарбалык субъектилердин ээлерине жанаша жайгашкан аймакта тазалыкты жана тартипти сактоо боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү.

Бардыгы болуп 20дан ашык жайлар текшерилип, рейддин жыйынтыгы боюнча КРнын «Бузуулар жөнүндө» кодексинин 114-беренеси боюнча 1 протокол түзүлүп, 10 билдирүү берилди.

Урматтуу шаардыктар! Муниципалдык инспекциянын ишине байланышкан кайрылуулар боюнча төмөнкү телефондорго кайрылсаңыздар болот:
- Свердлов району боюнча: 0705003137;
- Октябрь району боюнча: 0551551745;
- Биринчи май району: 0555404818;
- Ленин району боюнча: 0550070505.