«Бишкекжашылчарба» муниципалдык ишканасынын кызматкерлери жашыл аймактарды сугаруу боюнча позитивдүү видеоролик тартышты.

Эске салсак, борбор калаада жашыл аянтчаларды сугаруу күн сайын автоматтык сугаруу, канал жана насостук сугаруу жолу менен жүргүзүлөт.

Жашылчарбанын жумушчулары таң эртеден тарта Фрунзе, Тоголок Молдо, Токтоналиев, Турусбеков, Ибраимов, Жаманбаев көчөлөрүндө, Чыңгыз Айтматов проспектисинде  жана башка көчөлөрдө жашыл аймактарды  арык  менен сугарып жатышат.

Шералиев, Жамгырчинов көчөлөрүндө, ошондой эле Ынтымак-2 паркында, Тунгуч кичи районундагы сейил бакта  жана шаардын башка аймактарында  газондорду тегиздөө ишин "Бишкекжашылчарба" муниципалдык ишканасынын кызматкерлери жүргүзүүдө.

Мындан тышкары, «Бишкекжашылчарба» муниципалдык ишканасынын кызматкерлери Пензенская жана Черкасская тилкелериндеги ирригациялык коллектордук-дренаждык системаларды кол менен жана механикалык тазалоо иштерин жүргүзүштү.