Бишкек шаарынын мэри Эмилбек Абдыкадыровдун тапшырмасы боюнча "Бишкекасфальтсервис" муниципалдык ишканасы курулуп жаткан объекттерге чоң жолго кошулуучу жол тармактарын оңдоо иштерин жүргүзүп жатат.

Мурас-Ордо турак жай конушундагы мектепке, ошондой эле Логвиненко көчөсү 157 дареги боюнча жайгашкан №35мектебине кирүү жолдорун оңдоо иштери башталды.

Төмөнкү участоктордогу оңдоо иштерине байланыштуу чоң жүк ташуучу унаалар объекттердин аймагына киришет. Акча каражаттарын сарамжалдуу пайдалануу үчүн ишкана Рухий Мурас турак жай конушундагы мектепке жана Жал кичи району 29 дарегиндеги балдар бакчасында оңдоо иштери толук аяктагандан кийин оңдоо иштерин баштоону пландаштырууда.

Ошондой эле, Ишкана тарабынан борбордун билим берүү мекемелеринин айланасында жол белгилерин белгилөө жана жол белгилерин орнотуу боюнча активдүү иштер жүргүзүлүүдө.

Урматтуу шаардыктар! "Бишкасфальтсервис" МИнин иши боюнча кайрылууларды (фото жана видео) төмөнкү социалдык баракчалар аркылуу жөнөтсө болот: mp_bishkekasfaltservis.