Октябрь районунун башчысы Азамат Дороевдин буйругуна ылайык жалпы билим берүүчү уюмдарды куруу боюнча штаб түзүлдү.
Биринчи жыйын бир күн мурун өтүп, анда аким шаардык кызматтар менен биргеликте билим берүү мекемелеринин курулушунун акыркы этаптарын аныктады.

Биринчи кезектеги милдеттерге ылайык, 2022-жылдын 15-августуна чейин бардык техникалык документтерди берүү, инженердик коммуникацияларды туташтыруу, асфальт төшөө, ирригация иштерин жүргүзүү, аймактарга бак-дарактарды отургузуу, штаттык бирдиктерди, окуу китептерин, жабдууларды жана эмерек менен комплектөөнү көзөмөлгө алуу зарыл.

Жыйынтыгында Октябрь районундагы билим берүү мекемелеринин курулушун өз убагында жана сапаттуу бүткөрүү боюнча иштерди активдештирүү тапшырылды.

Мындан тышкары, А.Дороев көрсөтмөлөрдүн бардык пункттары боюнча жетекчилердин жеке жоопкерчилигин баса белгиледи.