Бишкек шаарынын турак жай-коммуналдык чарба маселелери боюнча вице-мэри Олег Попиков Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө-мамлекеттердин аймак башчыларынын форумуна катышты.

Форум B2B (business to business) форматында өттү. Жолугушуу учурунда ТЖКЧ чөйрөсүндө кызматташуунун келечеги жана Бишкек шаарынын муниципалдык ишканаларынын ишмердиги маселелери боюнча өз ара аракеттенүү талкууланды.

Мындан тышкары, шаар мэриясы менен "Крантас Групп" ЖЧКсы ортосунда Бишкек шаарынын муктаждыктары үчүн Өзбекстан Республикасынын аймагында атайын техниканы өндүрүүнү уюштуруу жаатында кызматташуу жөнүндө меморандум түзүлдү.

Меморандумга кол коюунун жүрүшүндө кыргыз-өзбек өнүктүрүү фондунун инструменттерин колдонуу мүмкүнчүлүктөрү да талкууланды.