Бишкек шаарынын мэри Эмилбек Абдыкадыров шаардык кызматтар менен биргеликте унаа тыгыны көп болгон автожолдордун көйгөйлүү жерлерин текшерип чыкты.

Шаар башчысы "Мадина" базарынын унаа токтотуучу жайын, ошондой эле Абдрахманов көчөсү менен Түштүк магистралдын кесилишин изилдеп чыкты.

Көрсөтүлгөн көйгөйлөрдү чечүү максатында Бишкек шаарынын мэриясынын Транспорт жана жол-транспорт инфраструктурасын өнүктүрүү департаментине, "Бишкекбашкыархитектура" мамлекеттик мекемесине, милициянын кайгуул кызматынын башкармалыгына, "Бишкасфальтсервис"муниципалдык ишканасына тийиштүү тапшырмалар берилди.