Бишкек шаарынын мэриясы көчөлөрдүн айрым тилкелеринде бир тараптуу кыймылды уюштуруу чечимин кабыл алды.

Ошентип, бир тараптуу кыймыл төмөнкү көчөлөрдө пландаштырылууда:

- Шопоков көчөсү Киев көчөсүнөн Чүй проспектисине чейин (түндүк багытта);
- Панфилов көчөсү Киев көчөсүнөн Чүй проспектисине чейин (түндүк багытта);
- Логвиненко көчөсү Чүй проспектисинен Киев көчөсүнө чейин (түштүк багытта).

Бул чаралар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын алкагында көчө-жол тармагын жакшыртуу, жол коопсуздугун жогорулатуу, аварияны азайтуу, тыгындар проблемаларын чечүү, жол инфраструктурасын жакшыртуу боюнча иш-чараларды өткөрүү жана коомдук транспортту жана жол инфраструктурасын өнүктүрүүнүн башка маселелерин чечүү максатында жүргүзүлөт.

Бишкек шаары боюнча Ички иштер башкы башкармалыгынын милициянын кайгуул кызматынын башкармалыгына бир тараптуу көчөлөрдө зарыл болгон жол белгилерин орнотуу маселелерин иштеп чыгуу тапшырылды. Ошондой эле унаа токтотуучу жайларды уюштуруу үчүн жол белгилерин орнотуу пландаштырылууда. Бишкек шаарынын мэриясынын Транспорт жана жол-транспорт инфраструктурасын өнүктүрүү департаментине унаажолдордун жогоруда аталган участоктору боюнча шаардык каттамдарды кайра карап чыгуу тапшырылды.