Бишкек шаарынын мэриясынын көрктөндүрүү жана жер пайдаланууну көзөмөлдөө боюнча муниципалдык инспекциясы борбор калаада тартипти орнотууну улантууда.

Инспекция санитардык эрежелердин сакталышына жана жеке ишканалардын тиричилик таштандыларын өз убагында ташып чыгуусуна көзөмөлдү күчөттүүдө.

Эки күндүн ичинде эле шаардыктар, ишканалар жана мекемелер тарабынан жалпысынан 239 миң сомго 25 көрктөндүрүү эрежесин  бузуу фактылары катталган.

«Ислам курулуш», «Эталон» курулуш компаниялары, ошондой эле №6 үй-бүлөлүк медицина борбору, «ТелекомСпецСтрой» ЖЧКсы жана «Пластик линия»  «Мобинда», №32 орто мектеби, «Хабен» ЖЧКсы, «Имхотек» ишканалары тазалыктын жөнөкөй эрежелерин сакташкан эмес.

Ошондой эле, антисанитардык жайлардын тизмеси чарбалык субъекттердин жана тигүү цехтеринин ижарачылары менен толукталды.

Тартип бузууларды тангандардын иштери административдик комиссия тарабынан каралат.

Муниципалдык инспекция борбор калааны көрктөндүрүү эрежелерине ылайык, менчигинин түрүнө карабастан ар бир адам күн сайын өз аймагынын айланасында тазалыкты камсыздап турушу керектигин эскертет.

Урматтуу шаар тургундары! Инспекциянын ишине байланышкан кайрылуулар боюнча төмөнкү телефондорго кайрылсаңыздар болот:

- Свердлов району боюнча: 0551551745;
- Октябрь району боюнча: 0505523832;
- Биринчи май району боюнча: 0555404818;
- Ленин району боюнча: 0554222213.