Бүгүнкү күндө 100 миңден ашык кыргызстандыктар өздөрүнүн активдүү позициясын көрсөтүп, КРнын Мамлекеттик салык кызматынын «Чекти талап кыл – байге утуп ал!» лотереясына катышууда. Салык чек тиркемесин жүктөгөн 100 000-колдонуучу Бишкек шаарынын тургуну болгон.

Бүгүнкү күндө лотереянын катышуучулары 6,7 миллиард сомдон ашык акчалай дүмүрчөктөрдү сканерден өткөрүштү жана 6,6 миллиондон ашык лотереянын ID билеттерин алышты, алардын ар бири келечекте баалуу байгелерди ойнотууга катышат.

Эскерте кетсек, 2022-жылдын 10-майынан тартып Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик салык кызматы тарабынан «Чек талап кыл - байге утуп ал!» лотереясы өткөрүлүп жатат. Лотереянын негизги милдети жарандарды товарларды же кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алууда кассалык чекти талап кылууга түрткү берүү болуп саналат.

Лотереянын экинчи тиражы 2022-жылдын 1-октябрында өтөт. Бул күнү бизнес өнөктөштөрдүн колдоосу менен автоунаа, 11 iPhone, 10 смартфон, 11 даана ар кандай тиричилик техникасы жана башка баалуу байгелер ойнотулат.

Лотереянын катышуучусу болуу үчүн «Салык чек» мобилдик тиркемесин жүктөп алып, катталып, тиркеме сканеринин жардамы менен сатып алууларды жүргүзүүдө алынган кассалык квитанциялардын QR коддорун сканерлөө керек.