Бишкек шаарынын жашоочуларынын демилгелерин колдоо максатында муниципалитет тарабынан "Мыкты короо", "Мыкты квартал", "Бишкек шаарынын мэриясынын административдик район боюнча Мыкты муниципалдык администрациясы", "Бишкек шаарынын мэриясынын мыкты муниципалдык аймактык башкармалыгы" сынактары, ошондой эле мыкты шаардык долбоорлордун конкурсу жарыяланган.

«Мыкты короо» кароо-сынагы 1991-жылга чейин пайдаланууга берилген үйлөр жана 1991-жылдан кийин пайдаланууга берилген үйлөр эки номинация боюнча өткөрүлөт. «Мыкты короо» сынагына Бишкек шаарынын турак жай ээлеринин шериктери, турак жай-курулуш кооперативдери  жана үй комитеттери катышууда. Бишкек шаарынын райондук комитеттери «Мыкты квартал» сынагына катышууда.

«Мыкты короо» сынагынын байге фонду 460 миң сомду түзүп, төмөнкүдөй бөлүштүрүлгөн:
- 1-орун - 100 миң сом, орундардын саны - 2;
- 2-орун - 80 миң сом, орундардын саны - 2;
- 3-орун - 50 миң сом, орундардын саны - 2.

«Мыкты квартал» сынагынын байге фонду 300 миң сомду түзүп, төмөнкүдөй бөлүштүрүлөт:
- 1-орун - 130 миң сом, орундардын саны - 1;
- 2-орун - 100 миң сом, орундардын саны - 1;
- 3-орун - 70 миң сом, орундардын саны - 1.

"Бишкек шаарынын мэриясынын административдик район боюнча Мыкты муниципалдык администрациясы", "Бишкек шаарынын мэриясынын мыкты муниципалдык аймактык башкармалыгы"  номинациялары боюнча конкурстун байге фонду ар бирине 100 сомду түзөт.

Арыздар 2022-жылдын 1-октябрына чейин кабыл алынат. Бардык суроолор боюнча райондук администрацияларга же жашаган жериңиздеги МАБга  кайрылыңыз. Толук маалымат алуу үчүн 0312660947 номуруна кайрылсаңыздар болот.

Урматтуу шаардыктар! Сынактын негизги максаты "жарандар менен уюмдарды жагымдуу шаардык чөйрөнү түзүүгө тартуу, шаардын актуалдуу маселелерин чечүүнүн мыкты инструменттерин аныктоону стимулдаштыруу, ошондой эле алдыңкы тажрыйбаларды жана демилгелерди киргизүүнүн системалуу механизмин түзүү болуп саналат.