Бүгүн муниципалитеттин жыйындар залында атайын техникаларды алып келүү боюнча меморандумга салтанаттуу кол коюу аземи болду.
Меморандумга Бишкек шаарынын мэриясы менен Өзбек-Кыргыз өнүктүрүү Фондунун ортосунда кол коюлду.
Жалпысынан турак жай-коммуналдык чарба тармагында сапаттуу кызмат көрсөтүү үчүн 30га жакын атайын техниканы лизингге сатып алуу пландалууда.
Жаңы техникалар «Бишкекжарык», «Тазалык», «Бишкексуучарба», «Бишкекжашылчарба» муниципалдык ишканаларынын ишинде колдонулаары күтүлүүдө. Булар автомунара, кран-манипулятор, бургулоочу орнотуучу, таштанды чыгаруу унаа, бириктирилген сугаруучу унаа жана башкалар.