Свердлов районунун башчынын биринчи орун басары Руслан Бекназаровдун төрагалыгы алдында коллегиянын жыйыны  өткөрүлдү.

Ага шаардык, райондук кызматтар, МАБдын жетекчилери жана окуу жайлардын директорлору катышты.

Жыйында билим берүү мекемелеринин 2022-2023-жаңы окуу жылына даярдыгы талкууланды.

Райондук билим берүү борборунун директору, «Бишкекжылуулукэнерго» КИ жана Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык мүлктұ башкаруу боюнча департаментинин өкүлдөрү баяндама жасашты.

Свердлов районун билим берүү борборуна коллегиясынын жыйынтыгы менен № 94 орто мектептин отканасын «Бишкекжылуулукэнерго» КИ балансына өткөрүү, «Бишкекжылуулукэнерго» КИ жана «Бишкекжылуулуктармагы» ААКсына окуучулардын кышкы каникул мезгилинде тынымсыз жылуулук берүү маселесин кароо, Муниципалдык менчикти башкаруу департаментине №1, №12, №67, №76, №87, №53 орто мектептер жана №14, №162, №100, №172 балдар бакчалары жер  тилкелеринин мамлекеттик актыларын берүү процессин тездетүү тапшырылды.