Бүгүн Бишкек шаарынын мэриясынын жетекчилиги шаардык кызматтар менен биргеликте курулуп жаткан билим берүү уюмдарында болуп, куруучуларды кесиптик майрамы менен куттуктады.

Бишкек шаарынын мэри Эмилбек Абдыкадыров Баялинов көчөсү, 124 дарегинде жайгашкан №75 орто мектепте болуп, шаар башчысы куруучуларга шаардын өнүгүшүнө кошкон салымы жана 16 объектинин курулушундагы жоопкерчиликтүү иштери үчүн чын жүрөктөн ыраазычылык билдирип, курулуш тармагынын кызматкерлеринин күжүрмөн эмгегин баса белгилеп кетти.

Андан соң муниципалитеттин башчысы Мурас-Ордо жаңы конушундагы майрамдын каармандарын куттуктады.

Ак-Босого жаңы конушунда шаардын транспорт, курулуш жана архитектура боюнча вице-мэри Бактыбек Абдиев салтанаттуу сөз сүйлөдү. «Көлмө» конушундагы №78-мектепте иштеген куруучулар бригадасына да көңүл бурулуп, андан кийин Ак-Бата конушундагы No43 орто мектепке барышты.

Шаардын социалдык маселелер боюнча вице-мэри Виктория Мозгачева жана муниципалдык менчикти башкаруу департаментинин директору Нурдан Орунтаев No6 мектеп-гимназиясында болушуп,  шаар тургундарынын келечегине салым кошуп жаткан куруучуларга ыраазычылыктарын билдиришти. В.Мозгачева да Алтын-Ордо конушундагы мектеп куруп жаткан куруучуларды куттуктады.

Курулуш тармагынын кызматкерлерин кесиптик майрамы менен муниципалдык менчик жана жер пайдалануу боюнча вице-мэр Нурлан Шаршеналиев жана Октябрь районунун акими Азамат Дороев «Тунгуч» кичи районундагы №73 орто мектепте, ошондой эле «Рухий-Мурас» жаңы конушундагы мектептеги куруучуларды куттукташты.

Логвиненко көчөсү, 157 дарегиндеги №35 орто мектепте спорт зал курулууда. Эмгекчилерди турак жай-коммуналдык чарба боюнча вице-мэр Олег Попиков жана Свердлов районунун акими Максатбек Саргазаков куттукташты. Олег Попиков No76 мектепте да болуп, куруучуларга ыраазычылык билдирди.

Аппарат жетекчиси Азиз Садырбеков Үсөнбаев көчөсү, 164 дарегиндеги №10 мектепте иштеген «жаратмандар» жамаатына ыраазычылык билдирип, Жал-29 кичи районундагы бала бакчанын курулушу менен таанышты.

Ленин районунун акими Русланбек Тагаев Каховская көчөсүндө жайгашкан №40 мектептин курулушчуларына ыраазычылык билдирди. “Бишкекжылуулукэнерго” коммуналдык ишканасынын директору Жамалбек Ырсалиев Ак-Ордо жаңы конушундагы мектепте болуп, куруучуларга эмгеги үчүн ыраазычылык билдирди.

Капиталдык курулуш башкармалыгынын өкүлдөрү 7-кичи райондогу №20 мектепте куруучулар жемиштүү эмгектенип жатканын белгилешти.

Ар бир мекемеде Султан Каримов, Замира Мавлянова, Динара Акулова, Бакыт Ыбыкеев, Ильяз Абдразаков сыяктуу ата мекендик ырчылар, Сувенирлер ансамбли жана башкалар өнөрлөрүн тартуулашты.

Мындан тышкары, өзгөчөлөнгөн куруучулардын үзүрлүү жана ак ниет эмгеги үчүн Бишкек шаарынын мэриясынын Ардак грамоталары жана ыраазычылык баракчалары менен сыйланышты.

Муниципалдык администрациялар жергиликтүү активисттердин иш-чараларды өткөрүүдө жана куруучуларды колдоодо эмгегин белгилешти.

Бишкек шаарынын мэриясы бардык куруучуларды кесиптик майрамы менен дагы бир жолу чын жүрөктөн куттуктайт жана борбор калааны өнүктүрүү үчүн татаал, бирок өтө маанилүү иштерине ийгиликтерди каалайт!