Шаардык муниципалитеттин жыйындар залында биринчи вице-мэр Мирланбек Байгончоковдун төрагалыгы алдында "Мыкты шаардык долбоорлор конкурсунун" жеңүүчүлөрүн сыйлоо аземи болуп өттү. Сынакта байгелүү орундарды ээлеген катышуучуларга тиешелүү акчалай сертификаттар тапшырылды.

Мирланбек Байгончоков жеңүүчүлөрдү куттуктап, бардык катышуучуларга Бишкек шаарынын бакубаттуулугун жакшыртуудагы активдүү позициясы үчүн ыраазычылык билдирди, ошондой эле мындан аркы ийгиликтерди жана чоң жетишкендиктерди каалады.

Белгилей кетсек, конкурска катышуу үчүн 22 арыз келип түшкөн, конкурстук комиссия тарабынан билдирилген талаптарга ылайык келген 17 долбоор каралып, алардын ичинен эң мыкты 3 долбоор тандалып алынган.

Сынактын жеңүүчүлөрү төмөнкүдөй аныкталды:

1 – орун - "Бала келечекте" долбоору, Дууланова Индира Батырбековна, байге фонду-100 миң сом;

2 – орун - "Жолдон аман-эсен өтөм" долбоору, Гибадулина Марям Рафиковна, байге фонду – 80 миң сом;

3 – орун – "Парктардагы шахмат такталары" долбоору, Асаналиев Султан Сапарбекович, байге фонду-50 миң сом.

Иш-чаранын аягында конкурсанттар Бишкек шаарынын өнүгүшүнө жана гүлдөп өсүшүнө өз салымын кошууга мүмкүнчүлүк бергендиги үчүн Бишкек шаарынын мэриясына ыраазычылыктарын билдиришти.