Бишкек шаарынын мэриясынын көрктөндүрүү жана жерди пайдаланууну контролдоо боюнча муниципалдык инспекциясы борбор калаага тартип киргизүүнү улантууда.

Кечээ Аламүдүн РИИБнин жанында жашаган тургундардан инспекциянын дарегине даттануу келип түшкөн. Кайрылууда кызматкерлер айланадагы таштандыларды такай өрттөшөрү белгиленген.

Жибек-Жолу проспектиси, 68 дарегинде жайгашкан РИИБнин администрациясы боюнча инспекция тарабынан "Укук бузуулар жөнүндө" кодекстин 115-беренесинин 3-бөлүгү менен 23 миң сом айып салынган.

Тартип сакчылары мыйзам бузууну тааныган жок, ишти административдик комиссия карайт.

Инспекция тыюу салынган заттарды өрттөгөн учурда менчигинин түрүнө карабастан, "Укук бузуулар жөнүндө" кодексинин 115-беренесинин 3-бөлүгү боюнча 7500 сомдон 23000 сомго чейин айып пул саларын эскертет.