Октябрь администрациясы шаардык жана райондук кызматтар менен биргеликте жума сайын райондун аймагында мыйзамсыз көчө соодасын токтотуу боюнча рейддик иш-чараларды өткөрүп турат.

Октябрь районунун башчысы Азамат Дороевдин тапшырмасы боюнча "Тазалык" муниципалдык ишканасы, Октябрь районунун ички иштер башкармалыгы, Бишкек шаарынын мэриясынын көрктөндүрүү жана жерди пайдаланууну контролдоо боюнча муниципалдык инспекциясы "Ынтымак-2" паркында мыйзамсыз башаламан соода-сатыкка каршы текшерүү  жүргүзүштү.

Рейддин жыйынтыгы боюнча 20 башаламан соода-сатык түйүнү, 10 штендер алынды. Көчө соодасын жүргүзгөн бардык сатуучулар менен түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө.