Свердлов районунун №10 орто жалпы билим берүү мектеби жаңы окуу жылына даярдык иштерин аяктоодо.

Бүгүнкү күндө мугалимдердин жана муниципалдык аймактык башкармалыктын кызматкерлеринин аракети менен имаратта, ошондой эле мектептин короосунда жалпы тазалоо иштери жүргүзүлүүдө.

Эске салсак, №10 орто мектепте кубаттуулугу 380 окуучуга ылайыкталган имаратты бекемдөө жана капиталдык оңдоодон өткөрүү пландалган. Жалпы аянты 2 369 чарчы метрди түзөт. Учурда ички дубалдарын тосмо бетондоо жана терезелерди бекемдөө иштери аяктады.  Бетон куюу (сейсмикалык тилке) жана тышкы дубалдарды жылуулоо боюнча иштер жүрүп жатат.

Мектеп үч блоктон турат. №1 блок -1938 жылкы, ал эми №2 жана №3 блоктор 1967-жылы курулган.  Ишти "Аргын Курулуш" ЖЧКнын подряддык уюму жүргүзүүдө.

Объектте жанаша жайгашкан аймак дагы көрктөндүрүлүп, жашылдандырылды, тосмолор орнотулду, жолдор жана тротуарлар иретке келтирилди, балдар үчүн спорт аянтчалары (воркаут) курулду.