Октябрь районунун башчысынын биринчи орун басары Майрамбек Адылбековдун төрагалыгы астында администрациянын жыйындар залында дем берүүчү (үлүштүк) гранттар боюнча кеңешме өттү.

Бишкек шаардык кеңешинин депутаттары Эрмырза Давыдов, Лира Акунова, Гүлназ Халилова жана комиссиянын мүчөлөрү катышты.

Жалпы суммасы 3 253 552 сом, гранттын суммасы 1 698 492 сом, каржылоо суммасы 1 555 060 сомду түзгөн 8 долбоордук арыз каралды.

Гранттык комиссиянын чечиминин жыйынтыгы боюнча 8 долбоор жактырылды, алар чатырды капиталдык оңдоого, панелдер аралык тигиштерди оңдоого, кире бериштерди оңдоого, видеобайкоо камерасын орнотууга, терезе блокторун алмаштырууга багытталган.

Дем берүүчү гранттар боюнча кеңешме Свердлов районунда да башчынын биринчи орун басары Руслан Бекназаровдун төрагалыгы астында өттү.

Бишкек шаардык кеңешинин депутаты Шаршенбай уулу Руслан жана комиссиянын мүчөлөрү катышты.

Дем берүүчү гранттардын эсебинен каржылоо алуу конкурсуна катышуу үчүн 14 арыз каралды, долбоорлордун жалпы суммасы 7 325 413 сомду түзөт, гранттык каражаттардын суммасы 4 145 566 сомду түзөт.

Гранттар Бишкек шаарынын аймактарын жана жергиликтүү жамааттарды өнүктүрүүгө, коомдук активдүүлүктү жогорулатууга жана турмуш-тиричиликтин коммуналдык жана башка маселелерин өз алдынча чечүү жөндөмүн калыптандырууга багытталган артыкчылыктуу долбоорлорду каржылоого багытталат.

2022-жылга дем берүүчү гранттарды алууга арыздарды кабыл алуу боюнча иш белгиленген тартипте уланууда.

Дем берүүчү (үлүштүк) гранттардын эсебинен жергиликтүү жамааттардын долбоорлорун каржылоонун шарттары жөнүндө маалымат алуу үчүн төмөнкү номурлар боюнча кайрылса болот:

Октябрь району: 57-35-98;
Свердлов району: 43-38-91.