Учурда билим берүү уюмдарынын спорт залдары “жаңылоодон”  өтүүдө.

Бишкек шаарынын мэриясынын Билим берүү башкармалыгы спорт аянтчаларынын, спорттук залдардын, стадиондордун, бассейндердин, мектептен тышкаркы иш-чараларды өткөрүү үчүн жайлардын жана башка коммуналдык бөлмөлөрдүн абалы канааттандырарлык деп белгилейт.

Бардык спорттук шаймандар оңдолуп, сырдаллып, белги коюлган. Спорт залдар жана кийим чечүүчү бөлмөлөр косметикалык оңдоодон өтүп жатат. Спорттук трибуналар жана шаймандар (футбол дарбазалары, вертикаль турниктер ж.б.) көңүл сыртында калтырылбай, аларды бекемдөө иштери жүргүзүлдү.

97 жалпы билим берүү уюмунун 92синде (95%) спорт зал бар, №43,35,80,90,10 мектептерде жок.

Мындан тышкары, билим берүү уюмдары жанаша жайгашкан аймакты жашылдандыруу иштерин жүргүзүүдө.