Бишкек шаарынын мэриясынын көрктөндүрүү жана жер пайдаланууну көзөмөлдөө боюнча муниципалдык инспекциясынын кызматкерлери өз ишин улантууда.

Инспекция жарандардын, чарба жүргүзүүчү субъекттердин жана жеке ишканалардын санитардык нормаларды сактоосуна өзгөчө көзөмөл жүргүзөт.

Таштандыларды же башка калдыктарды жеринде чыгаруу фактысы боюнча бузуучулар  күнөөсүн мойнуна алганына же моюнга албаганына карабастан протоколдор түзүлөт.

Ошентип эки күндүн ичинде 114 миң сомго 14 мыйзам бузуу катталган.

Мыйзамдуулуктун каршылаштары «Петрол ЛТД», «Букит», «Бимар» компаниялары, «У Разия» ашканасы жана жеке уюмдардын өкүлдөрү болуп чыкты.

Ошондой эле муниципалдык инспекция борбор калааны көрктөндүрүү эрежелерине ылайык, менчигинин түрүнө карабастан ар бир адам өз аймагынын айланасында күн сайын тазалыкты камсыздап турушу керектигин эскертет.

Урматтуу шаардыктар! Инспекциянын иши боюнча кайрылууларды төмөнкү телефондорго кайрылсаңыздар болот:

- Свердлов району боюнча: 0705003137;
- Октябрь району боюнча: 0551551745;
- Биринчи май району боюнча: 0555404818;
- Ленин району боюнча: 0550070505.