Райондук билим берүү борборлорунда балдарды билим берүү уюмдарына кабыл алуу боюнча комиссиянын жыйыны болуп өттү.

Биринчи май райондук администрациясынын башчысынын орун басары Аида Рысбаеванын жетекчилиги астында райондук билим берүү борборунун, муниципалдык аймактык башкармалыктардын комиссия мүчөлөрү жана «Балдардын укугун коргоочулар лигасы» коомдук фондунун өкүлү менен биргеликте арыздар кабыл алынган.

Райондун тургундарынан 175 арыз келип түшкөн, анын 117си канааттандырылган, 16сы канааттандырылган эмес, ал эми 42 арызынын жашаган жерин тактоого тийиш.

Ушундай эле комиссия Ленин районунда да өткөрүлдү. Райондук билим берүү борборунун директору Таалайгүл Темирканова, Ленин районунун акиминин орун басары Жунусова Айзада, «Балдарды коргоо борбору» коомдук фондунун өкүлдөрү жана МАБдардын жетекчилеринин орун басарлары катышты.

Райондун тургундарынан 750 кайрылуу түшүп, анын 399у канааттандырылган, калганы каралууда.

Свердлов райондук комиссиянын ишине акимдин орун басары Асел Садыкова, Свердлов райондук билим берүү борборунун директору Нурлан Байгулов, «Балдардын укугун коргоочулар лигасы» коомдук фондунун өкүлү жана МАБдардын  адистери катышты.

Райондун тургундарынан 750гө жакын арыз түшүп, анын 600ү канааттандырылып, 24ү кийинкиге калтырылган.

Октябрь райондук комиссияга райондук билим берүү борборунун директору Жаңыл Сыдыгалиева, МАБдардын жетекчилери, Бишкек шаарынын Октябрь райондук муниципалдык администрациясынын, «Балдарды коргоо борбору» коомдук фондунун өкүлдөрү катышты.

Райондун жашоочуларынан 594 арыз түшүп, анын 79у канааттандырылган, 8и четке кагылган.

Белгилей кетсек, комиссия Бишкек шаарынын вице-мэри Виктория Мозгачеванын 2022-жылдын 29-июлундагы “Балдарды 1-класска кабыл алуу жөнүндө” протоколдук тапшырмасынын, Билим берүү башкармалыгынын 2022-жылдын 2-августундагы № 223 токтомунун негизинде, ошондой эле балдарды «Мектепке электрондук кабыл алуу» АМСте каттоодон өтпөгөн жарандардын арыздарын объективдүү кароо максатында өткөрүлүүдө.