Муниципалитеттин жыйындар залында Бишкек шаарынын социалдык маселелер боюнча вице-мэри Виктория Мозгачеванын төрагалыгы алдында курулуп жаткан объектилерди ишке киргизүү, билим берүү мекемелерин оңдоо жана окуу жылын баштоо маселеси боюнча жыйын өттү.

Жыйынга район акимдеринин социалдык маселелер боюнча орун басарлары, билим берүү башкармалыгынын башчысы, райондук  билим берүү борборлорунун жетекчилери, капиталдык курулуш башкармалыгынын башчысынын орун басары, «Бишкекасфальтсервис» муниципалдык ишканасынын башкы инженери жана башкалар катышты.

Мектептерди куруу, ошондой эле материалдык-техникалык база, окуу китептери менен камсыз кылуу маселелерин талкууладык. Мындан тышкары, №60, 62, 39, 13, 64 орто мектептердеги жана №30 көмөкчү орто мектептеги муниципалдык имараттарды бошотуу маселесин көтөрүштү.  Борбор калаадагы билим берүү мекемелеринин жанында жайгашкан жол белгилерин жаңылоо маселеси да каралды.

В.Мозгачева белгилегендей, учурда «Мектепке электрондук кабыл алуу» АИСге балдарын каттабаган жарандардын арыздарын объективдүү кароо боюнча комиссия иштеп жатат. Мындан тышкары, 2022-2023-жылдарга карата  кадрлар менен камсыз кылуу  маселесин карадык.