Октябрь районунда 4-топтогу (транспорт каражаттары) мүлк салыгын төлөө боюнча айдоочулардын арасында  профилактикалык иштер жүргүзүлдү.

Бул боюнча акимчиликтин, ИИМдин Бишкек шаардык башкармалыгынын жана Мамлекеттик салык кызматынын Октябрь району боюнча башкармалыгынын кызматкерлери түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү.

Юнусалиев жана Сүйөркулов көчөлөрүнүн кесилишинде рейддер уюштурулду.

Урматтуу шаардыктар! КРнын  Мамлекеттик салык кызматы бир катар салыктарды төлөө мөөнөтү жакындап калганын эскертет.

Үстүбүздөгү жылдын 1-сентябрына чейин 4-топтогу мүлк салыгын (транспорт каражаты), 2-сентябрга чейин - турак жайларга, батирлерге  салыкты жана жер салыгын төлөө зарыл.

Толук маалыматты 116 номери боюнча алса болот.