Бишкек шаарынын мэриясынын көрктөндүрүү жана жер пайдаланууну көзөмөлдөө боюнча муниципалдык инспекциясынын кызматкерлери өз ишин улантууда.

Инспекция жарандардын, чарба жүргүзүүчү субъекттердин жана жеке ишканалардын санитардык нормаларды сактоосун өзгөчө көзөмөлгө алды.

Эреже бузганын мойнуна алса да, албаса да,  жеринде протоколдор түзүлөт.

Көк-Жар жаңы конушунун Чар көчөсүнүн тургуну үйүнүн жанында уруксатсыз жер иштерин жүргүзгөн. Бул факты боюнча Кыргыз Республикасынын “Укук бузуулар жөнүндө” кодексинин 179-беренесинин 2-бөлүгү менен 5 миң 500 сомго протокол түзүлдү. Айыптуү тарап күнөөсүн мойнуна алып, бузулган аймакты калыбына келтирүүгө милдеттеништи.

Ушул эле берене боюнча Элебесова көчөсүнүн тургуну да жоопкерчиликке тартылат. Ал күнөөсүн моюнга алуудан баш тарткандыктан, анын ишин административдик комиссия карайт.

Инспекция шаар тургундарына жер иштерин жүргүзүү үчүн ордер алып, өз убагында жерди калыбына келтирүү керектигин эскертет.