Капиталдык курулуш башкармалыгы 9 объекттин курулушу боюнча иштерди активдүү улантууда.

№10 орто мектепте конструкцияларын бекемдөө менен капиталдык оңдоо иштери дээрлик 100% аяктады. Подряддык уюм мектептин ашканасында жана актовый залында жыйынтыктоочу иштерди жүргүзүүдө.

№75 мектептин курулуш иштери  67% аяктады. Имаратта: 2 кабатында баардык коммуникацияларды өткөрүү иштери; 1 жана 2-кабаттардын терезе тешиктерин жана полун куюу, шыбоо, дубалдарды кыруу иштери; 1 жана 2-кабаттагы гипсокартон үчүн профилди орнотуу иштери; тосмолорду, тышкы жана ички жылуу тармактарды орнотуу иштери жүргүзүлүп жаткан учуру. Ошондой эле мектепте от казан курулууда.

№6 АОТКда курулуш иштери 55% аяктады. Имарат спорт залы жана жыйындар жайы менен кошо курулуп жатат. Азыркы учурда подряддык уюм тарабынан электр жумуштары жүрүп жатат. Мындан тышкары, металл фермаларын, тышкы суу түтүк тармагын уюштуруу, 3-кабатка кирпич коюу, жер төлөдөгү жана 1-кабаттагы жасалгалоо иштери, ички желдетүү иштери жана сырткы жылуулук тармагын куруу иштери улантылууда.

№40 мектепке кошумча окуу корпусун куруу иштери 80% аяктады. Бул жерде төмөнкү иштер уланууда: көрктөндүрүү боюнча жер иштери; салынган инженердик тармактарды уюштуруу иштери: суу түтүгү, канализация жана электр менен камсыздоо иштери; 1,2-кабатты жасалгалоо иштери; фасад иштери; 3 блокаданын чатырын түзүү иштери.

№20 орто мектепке кошумча корпус куруу иштери 63% аяктады. Подряддык уюм азыркы убакыттада: аймакты көрктөндүрүү; ички электр менен жабдуу; мектептин айланасын тосуу; фасаддык иштер; бардык блоктордогу шыбоо иштери; терезелерди монтаждоо иштерин жүргүзүүдө.

№ 73 мектептин аймагында курулуп жаткан 3 кабаттуу окуу корпусу 65% аяктады. Бул жерде көрктөндүрүү иштери башталды. Ошондой эле, 3-кабаттын сырткы жана ички дубалдарына кирпич коюу, ички инженердик тармактарды орнотуу, терезе алкактарын орнотуу жана жасалгалоо жумуштары улантылууда.

35 орто жалпы билим берүүчү мектепке спорттук залды кошуу 75% га аяктады. Мектепте тегерегин тосуу иштери, аймакты көрктөндүрүү, воркаут жана фермаларды орнотуу иштери улантылууда. Мындан тышкары, тышкы жана ички жасалгалоо иштери, парапеттерди орнотуу, тышкы жана ички инженердик тармактарды орнотуу иштери активдүү жүргүзүлүүдө.

“Жал-29” районунда 140 орундуу бала бакча 65% га аяктады. Бакчада тактай полун жана сырткы инженердик тармактарды орнотуу, кафель жана терезелерди орнотуу иштери улантылууда. Ошондой эле, тосмо үчүн фундамент орнотуу жана фасадды орнотуу боюнча иштер жүргүзүлүүдө.

Мектептер бардык көмөкчү жайлар менен жана аймагын көрктөндүрүү менен долбоорлоштурулган. Курулуп жаткан мектептердин кубаттуулугу 140тан 550гө чейин.

Курулуш иштерин подряддык уюмдар: “Авангард Стиль” ЖЧКсы; “Эталон ВинСпецСтрой” ЖЧКсы; “Арай” ЖЧКсы, “Арын Курулуш” ЖЧКсы; “Адис Строй” ЖЧКсы, “Капитал курулуш” ЖЧКсы, “Лидер Хаус” ЖЧКсы жүргүзүүдө.