Бишкек шаарынын мэриясынын Коомдук-мамлекеттик капиталдык курулуш башкармалыгы тарабынан жаңы конуштарда мектептердин курулушу уланууда.

Азыркы учурда "Алтын - Ордо" конушунда курулуп жаткан мектепте бардык блоктордун курулуш-монтаждоо иштери жана ички инженердик тармактарды орнотуу толугу менен аяктады. Ички жана тышкы жасалгалоо, туалеттин дубалынын плиткаларын орнотуу, коридордун төбөсүн орнотуу аяктоодо. Ошондой эле, аймакты жакшыртуу (лотокторду, бордюрларды орнотуу жана жашылдандыруу) иштери жүргүзүлүүдө.

"Мурас-Ордо" турак жай конушунда бардык блоктордун өндүрүштүк иштери, ошондой эле инженердик тармактарды орнотуу аяктады. Аяктоо стадиясында бардык блоктордун жасалгалоо иштери жана аймакты көрктөндүрүү, фасаддын сырткы жасалгасы боюнча иштер калды. Тосмолорду орнотуп, тышкы суу тармактарын туташтырат.

"Ак-Бата" конушундагы жалпы билим берүүчү №43 мектебинин кошулма курулушу дагы жаңы окуу жылына даярданууда. Ички жана тышкы жасалгалоо иштери жүргүзүлүп,  чатыр орнотуу иштери аяктады. Короодогу даараткананын курулуш иштери башталды. Кошумча курулушта коридор, окуу залы бар китепкана, архив, өзүнчө чыгуучу техникалык жай, электр коргоо, мугалимдер бөлмөсү, окуучулар жана кызматкерлер үчүн даараткана, чечинүүчү жай жана душ бөлмөсү бар спорт блогу,  душ бөлмөсү бар тренердин кабинети жана спорт залы каралган.

"Рухий-Мурас" конушунда мектептин курулушу кызуу жүрүп жатат. Учурда аянтчанын ичиндеги тармактардын каркастарын орнотуу иштери аяктады. 1, 2 жана 3-кабаттын жер астындагы дубалдары аяктады. Дубалдарды жылуулоо үчүн минералдуу плиталарды даярдоо, электр зымдарын монтаждоо, прямкаларды бетондоо, жер төлөнүн жана 1-кабаттын дубалдарын шыбоо, ошондой эле жылуулук тармагын орнотуу боюнча иштер жүргүзүлүүдө.

"Ак-Ордо" конушундагы Тагай-Бий жана Садыр-Аке көчөлөрүнүн кесилишинде курулуп жаткан мектепте темир-бетон каркасты орнотуу иштери аяктады. Дубалдарды тургузуу, аймакты тик пландаштыруу жана ички инженердик тармактарды орнотуу боюнча иштер жүргүзүлүүдө. Ошондой эле аймакты көрктөндүрүү: жашылдандыруу, тосмо, жолдорду жана тротуарларды орнотуу каралган. Балдар спорт аянтчаларын куруу дагы унутулган эмес.

"Ак-Босого" турак-жай конушунда курулуп жаткан мектепте бардык блоктордун фундаменталдуу иштери жана спорттук блоктун алкагы аяктады. Учурда 1-кабаттагы колонналарды орнотуу, 2-жана 3-блокторду тосуу боюнча иштер жүрүп жатат. Ошондой эле аймакты көрктөндүрүү: жашылдандыруу, тосмо, жолдорду, тротуарларды орнотуу жана балдар дене тарбия аянтчаларын куруу каралган.

«Көлмө» конушундагы мектептин бардык блоктордо кирпич коюу, ошондой эле көмүр сактоо үчүн казан кампасын куруу иштери аяктады. Аймакты көрктөндүрүү пландалууда.