Бишкек шаарынын мэриясынын көрктөндүрүү жана жер пайдаланууну көзөмөлдөө боюнча муниципалдык инспекциясы “Тазалык” муниципалдык ишканасынын атайын бөлүгүнүн кызматкерлери менен биргеликте борбор калааны уруксат берилбеген объектилерден  “тазалоодо”.

Инспекция күн сайын объектилерди орнотуунун мыйзамдуулугун текшерип турат, түшүндүрүү иштерин жүргүзөт жана ыктыярдуу демонтаждоо жөнүндө билдирүүлөрдү берет.

Мындай иш-аракеттерден кийин Сухэ-Батор жана Юнусалиев көчөлөрүнүн кесилишиндеги темир тосмолор өз ыктыяры менен демонтаждалды.

Скрябин көчөсүндөгү тротуардын астына түшкөн күркө  дагы өз ыктыяры менен демонтаждалды.

Биздин инспекторлор Манас/Чыңгыз Айтматов проспектиси (батыш тарабы) боюнча Чүй проспектисинен "Ала-Арча"мамлекеттик резиденциясына чейин 10 темир мамыны алып салышты. Ошондой эле 9 жарнама штендер алынып салынды.

Урматтуу шаардыктар! Инспекциянын ишине байланышкан кайрылуулар  боюнча: 0312597526 номуруна, ошондой эле социалдык тармактардагы төмөнкү кайрылсаңыздар болот:

https://www.facebook.com/SeiMeria/
https://www.instagram.com/s/aGlnaGxpZ2h0OjE3ODQ4ODc4NzQyNzY0NTM1?igshid=YmMyMTA2M2Y=
https://twitter.com/MeriaSei?t=YIG5tk3-HQCuVesYwkOhJA&s=08