«Тазалык» муниципалдык ишканасы Биринчи май районунун аймагындагы катуу тиричилик таштандыларын чыгара баштады.

“Тазалык” ишканасынын кызматкерлери учурда таштанды көп топтолуп калган аймактарда иштеп жатышат. Муниципалдык ишкана тарабынан оңдолуп жаткан техникалар жарым-жартылай калыбына келтирилди.

Учурда Биринчи май районундагы линияда 14 атайын техника иштөөдө.

Буга чейин пилоттук долбоордун алкагында бул аймактагы катуу таштандыларды чыгарууну «Эко Проф» компаниясы жүргүзгөн.