19-августта Бишкек шаарын өнүктүрүү жана инвестицияларды тартуу агенттигинде Өзбек-Кыргыз Өнүктүрүү Фондунун эксперттери менен биргеликте керектүү документтерди, анын ичинде Өзбек-Кыргыз  Өнүктүрүү фондунан каржылоо алууга арыздарды, бизнес-пландарды жана башка документтерди практикалык окутуу жана толтуруу жүргүзүлдү.

Ошондой эле "Тазалык", "Бишкекжарык", "Бишкекжашылчарба", "БЖАИ" жана "Транспорт жана жол-транспорт инфраструктурасын өнүктүрүү департаменти" сыяктуу муниципалдык ишканалар жана уюмдарга лизингдик негизде атайын техникаларды сатып алуу боюнча документтер даярдалууда. Бул иш-чара Өзбек-Кыргыз Өнүктүрүү фонду менен Бишкек шаарынын мэриясынын ортосунда 2022-жылдын 12-августунда кол коюлган өз ара түшүнүү жөнүндө меморандумдун алкагында өттү.

Лизинг шартында каржылоо жол-транспорт инфраструктурасын, тышкы көрктөндүрүү элементтерин жакшыртуу, шаардын сырткы жарык тармактарынын иштешин камсыз кылуу жана ички  жолдордун абалын оңдоого зарыл болгон атайын техниканын санын толуктоого мүмкүнчүлүк берет.