Мэрияда кадрдык өзгөрүүлөр болду.

Бишкек шаарынын вице-мэри Шаршеналиев Нурлан Алтымышович ээлеген кызматынан бошотулду. Бишкек шаарынын муниципалдык мүлк жана жер пайдалануу маселелери боюнча вице-мэри болуп Орунтаев Нурдан Кемелович дайындалган, буга чейин ал  мэриянын Муниципалдык мүлктү башкаруу боюнча департаментинин директору болуп иштеген.

Рыскулбек уулу Талант борбор калаанын мэриясынын Муниципалдык менчикти башкаруу департаментинин директору болуп дайындалды. Буга чейин ал департаменттин башчысынын орун басары болуп эмгектенип келген.

Тиешелүү буйруктарга Бишкек шаарынын мэри Эмилбек Абдыкадыров кол койду.