«Бишкекжарык» муниципалдык ишканасы Мурас-Ордо жаңы конушундагы мектептин аймагына жарыктандыруу тармактарын куруу иштерин жүргүзгөн.

Ишкананын бригадасы 29 түркүк жана  100 Вт светодиоддук лампаларды орнотту.

Мындан тышкары, башка мектептерде чектеш аймактарды жана көчөлөрдү изилдөө иштери жүргүзүлүүдө. Мектептин аймагын сырткы жарыктандыруу - окуучулар үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүүдөгү эң маанилүү милдет болуп саналат.
Урматтуу шаардыктар! Эгерде сиздин көчө караңгы болуп калса, сиздер үчүн дайыма ишкананын авариялык-диспетчердик кызматы иштейт: (0312) 46-30-89, 57-63-51, ошондой эле 0777 902-115 WhatsApp аркылуу жазуу түрүндө кайрылсаныздар болот.

"Бишкекжарык" МИ соцтармактарда дагы бар:

Facebook: https://www.facebook.com/Bishkeksvet312
Instagram: @mp_bishkeksvet
Twitter: @Bishkeksvet
Биз ар дайым байланыштабыз!