Бишкек шаарынын мэриясы курулуп жаткан жалпы билим берүү уюмдарына пресс-тур уюштурду.

Журналисттер республикалык бюджеттин эсебинен курулуш жана капиталдык оңдоо иштери жүрүп жаткан 4 мектеп менен таанышышты.

№10 орто мектебинде конструкцияларын бекемдөө менен капиталдык оңдоо иштери 100% аяктады. Эки кабаттуу мектеп имараты 3 блоктон турат. 1 блогу-1938 – жылы курулган, ал эми 2 жана3 блоктору 1967-жылы курулган. Биринчи блок 2018-жылы оңдолгон. Калган эки блокто 1967-жылдан бери тиешелүү оңдоо иштери жүргүзүлө элек. Оңдолгон блоктордун кубаттуулугу 380 окуучу орун, ал эми аянты 2 369м2. Мектепте аймакты көрктөндүрүү боюнча иштери жүргүзүлдү: жашылдандыруу, тосмо, жолдорду жана тротуарларды орнотуу, ошондой эле балдар дене тарбия аянтчаларын, воркаут куруу иштери. Курулуш иштерин подряддык уюм "Арын Курулуш" ЖЧКсы жүргүзгөн.

№ 75 мектебиндеги курулуш иштери 85% аяктады. Бул жерде: суу түтүктөрүнүн жана канализациянын ички инженердик тармактарын, 2-кабаттагы электр энергиясын, тосмолорду, 1-2-кабаттагы терезе тешиктерин орнотуу, 1-2-кабаттагы гипсокартон үчүн профилдерди орнотуу жана монтаждоо, ички жылуулук тармактарын, керамикалык плиталарды орнотуу, пол төшөө жана 1-2-кабаттагы шпаклевка тартуу, чатыр иштери жүргүзүлүүдө. Ошондой эле, мектепте от казаны курулуп, мектептин аймагы көрктөндүрөт. Курулуш иштерин "Эталон ВинСпецСтрой"ЖЧК подряддык уюму жүргүзүүдө.

75 мектеп-лицейи 1960-жылы курулган. Мектеп авариялык абалда болгондуктан, мектептин эски имараты бузулуп, ордуна жаңы мектеп курулуп жатат. Жаңы үч кабаттуу мектептин жалпы аянты 5607 чарчы метрди түзөт жана 550 окуучуну окутат. Мектеп жыйындар жайы, хореография жана спорт залдары, китепкана, ашкана жана концерт залы менен иштелип чыккан. Окуу класстары менен катар мектептин имаратында өзүнчө блокко бөлүнгөн эки кабаттуу Музыкалык кабинет бар.

Алтын-Ордо конушунда жайгашкан мектепте бардык блоктордун курулуш-монтаждоо иштери жана ички инженердик тармактарды орнотуу толугу менен аяктады. Аяктоо баскычында ички жана тышкы жасалгалоо, шкафтын дубалын плиткалоо, коридордун шыбын жасоо аяктоодо.

Учурда аймакты көрктөндүрүү (лотокторду, бордюрларды орнотуу жана аймакты кыштоо) жана тосмолорду орнотуу иштери жүргүзүлүүдө.

№ 20 орто мектебинин кеңейтүүсү 75% аяктады. Учурда подряддык уюм тарабынан: аймакты көрктөндүрүү; аймакты тосуу; суу түтүгүнүн жана канализациянын инженердик тармактарын орнотуу; фасаддык иштер; бардык блоктордогу шыбоо иштери; терезелерди орнотуу боюнча иштер жүрүп жатат. Ишти подряддык уюм "Авангард Стиль" ЖЧКсы жүргүзүүдө.

№20 мектеп 1969-жылы пайдаланууга берилген. Бул мектепте окуучулардын орундарынын жетишсиздигине байланыштуу жаңы окуу корпусу курулуп жатат. Үч кабаттуу жаңы корпустун кубаттуулугу 500 окуучу орун, ал эми жалпы аянты 5035м2. Окуу корпусу акт, хореография жана спорт залдары, китепкана, ашкана жана өткөөл галерея менен иштелип чыккан. Ошондой эле аймакты көрктөндүрүү пландалууда.