Ак-Бата жаңы конушунда борбор калаанын мэри Эмилбек Абдыкадыровдун катышуусунда №43 орто мектепке кошумча имараттын салтанаттуу ачылыш аземи болуп өттү.

Кошумча имаратта спорт зал, мугалимдер бөлмөсү жана китепкана каралган. Имарат бир кабаттуу, жалпы аянты 651,71 чарчы метрди түзөт.

Подряддык уюм — «Сапат пром».

Белгилей кетсек, кошумча курулушу республикалык бюджеттин эсебинен курулган.