Бүгүнкү күндө Баткен облусуна 3 жүк ташуучу унаа (2 чоң жана бир «кыска») жөнөп, 50 тонна гуманитардык жардам жөнөтүлдү. Гуманитардык жардам кайдыгер карабаган жарандар тарабынан чогултулган.

Эске салсак, кечээ 3 жүк ташуучу унаа кетип, Бишкек шаарынын  мэриясынын жана райондук администрациялардын резервдик фондунун эсебинен чогулган 67 тонна гуманитардык жардам жөнөтүлгөн.

Ошол эле күнү алардын артынан 2 жүк ташуучу унаа, борбор калаанын тургундарынан 40 тонна гуманитардык жардам кеткен.

Жыйынтыгында Баткен облусуна 8 жүк ташуучу унаа — 160 тоннага жакын гуманитардык жардам жөнөтүлдү.