2022-жылдын 19-сентябрында штаб Баткен облусунан келген мекендештерди кабыл алуу жана аларга жардам көрсөтүү боюнча иштерди уюштуруу чечимин кабыл алды.

Социалдык өнүктүрүү департаменти  тарабынан Баткен облусунан келген 430 жаран катталды. Аларды «White hotel, «Shirin Botanik»  мейманканалары, Медициналык академиянын жана «Ала-Тоо» университетинин жатаканалары, «Тумар» жана «Достук», «Виа Бишкек», «Лагуна» мейманканалары кабыл алышты. Келген баткендиктерге камкор атуулдар борбордун акимиаттары  менен биргеликте тамак уюштуруп жатышат. Алардын бардыгына биринчи кезекте эң керектүү  жардам көрсөтүлдү.

2022-жылдын 14-сентябрынан 20-сентябрына чейинки аралыкта Медициналык жардам кызматынын (БНИЦТО) клиникалык ооруканасына 12 адам түшкөн. Кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасындагы куралдуу жаңжалда жабыркаган 7 бала Эне менен баланы коргоо улуттук борборуна жаткырылды.

Баткен облусунан каза болгондордун сөөгүн жакындарына жеткирүү үчүн  (200 жүк) 50 жүк куту даярдалып, анын 9у өткөрүлүп берилди.