"Бишкекасфальтсервис" муниципалдык ишканасы жол инфраструктурасын оңдоо, жол белгилерин чийүү жана борбор калаанын көчөлөрүнө жол белгилерин орнотуу боюнча активдүү иштерди жүргүзүп жатат.

“Бишкекасфальтсервис” МИси тарабынан шаардын төмөнкү кеслиштеринде карталык оңдоо иштери жүргүзулдү: Ч.Айтматов проспектиси –Масалиев көчөсү, Байтик Баатыр -Масалиев, Карл Маркс -Горький, 7-апрель –Горький көчөлөрү, Чүй проспектиси-Фучик көчөсү  жана Жибек-Жолу проспектиси-Кулиев көчөсү.

Ошондой эле Жайылма көчөсүнүн Мессароша көчөсүнөн Набережная көчөсүнө чейинки бөлүгүнө асфальт төшөө иштери жүргүзүлдү.

Урматтуу шаар тургундары! "Бишкекасфальтсервис" МИнин иши боюнча суроолорду (фото жана видео) сиз ишкананын социалдык тармагындагы баракчасына жөнөтсөңүз болот: bishkekasfaltservis..

Бишкек мэриясы шаардыктарга биздин социалдык тармактар жана мессенджерлер аркылуу  иштерибиздеги кемчиликтер жана каталар жөнүндө өз убагында маалымдагандыгы үчүн чын жүрөктөн ыраазычылык билдирет.