Донордук кандын жетишсиздигине байланыштуу Биринчи май акимиаты кан тапшыруу пунктун уюштурган.

Республикалык кан борборунун көчмө бригадасы 40тан ашык каалоочуну кабыл алган, бирок сурамжылоо учурунда 23 адам донор боло алган. Жалпысынан 10,3 литр кан алынган.

Бул акция кызматкерлердин иш убактысын сарамжалдуу пайдалануу, ошондой эле Баткен облусундагы кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалда жабыркагандар үчүн ыкчам кан алуу максатында уюштурулду.

Акцияга Биринчи май районунун акимчилиги, кызматтары жана шаар тургундары катышты.

Белгилей кетсек, Бишкек шаары, Чыңгыз Айтматов проспектиси, 60 дареги боюнча Баткен облусундагы кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалда жабыркагандар үчүн кан тапшыра аласыздар.

Иш убактысы: дүйшөмбү-жума саат 8:00дөн 14:00гө чейин, ишемби күнү 8:00дөн 12:00гө чейин.

Жарандардын жанында паспорту, айдоочулук күбөлүгү же аскердик билети болушу керек.