Эне-Сай конушундагы Аламүдүн дарыясына көпүрө куруу менен Гидростроительная көчөсүн Курманжан даткадан Аул көчөсүнө чейин реконструкциялоо иштери аяктады.

Көчө коомдук транспорт үчүн ачык.

Жолду жана автомобиль көпүрөсүн куруу боюнча негизги жумуштар бүткөрүлдү. Жол “Дордой 1” конушу менен “Эне-Сай” конушун байланышуусуна өбөлгө болот.

Жолдун узундугу 1,4 км, жүрүүчү бөлүктүн туурасы 9 метрди түзөт. Жөө жүргүнчүлөр үчүн жолдун эки тарабына ыңгайлуу тротуарлар төшөлүп, жашыл жерлерди сугаруу үчүн ирригация орнотулду.

Ошондой эле, бүгүндөн тарта Транспорт жана жол-транспорттук инфратүзүмдү өнүктүрүү департаментинин ведомстволор аралык комиссиясынын чечими менен Дордой конушунда жайгашкан мурдагы акыркы пунктунан № 192 кичиавтобустук каттам Эне-Сайга чейин узартылды.

Бул жолдун курулушу “Бишкек шаарынын жол тармагын өнүктүрүү” долбоорунун алкагында КЭРдин грантынын эсебинен подрядчы – кытайлык “China Road and Bridge Corporation” корпорациясы тарабынан ишке ашырылган.