Т.Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук драма театрынын залында Ленин районунун №2, 8, 9, 68, 25, 74, 47 мектептеринин окуучулары үчүн Чыңгыз Айтматовдун «Кылым карытар бир күн» романы боюнча спектакль коюлду.
Иш-чара КРнын Президенти Садыр Жапаровдун “Инсанды руханий-адептик жактан өнүктүрүү жана дене тарбиясы жөнүндө” жарлыгынын алкагында ишке ашырылды.
Окуучуларды мугалимдер, ата-энелер жана балдар инспекторлору коштоп жүрүштү.