Бишкек шаарынын мэриясынын Транспорт жана жол-транспорттук инфратүзүмдү өнүктүрүү департаментинин линиясы боюнча 23 светофордук объектилерди орнотуу уланууда.

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо үчүн 14 транспорттук жана 2 жөө жүрүү светофордук объект орнотулган. 10 объект пайдаланууга берилди жана автотранспорттун агымын толук жөнгө салууда.

Белгилей кетсек, светофорлор шаардык бюджеттин каражат эсебинен орнотулду.

Жаңы объектилер төмөндөгү кесилиштерге орнотулган:

1.Усенбаев - М. Куренкеев көчөлөрүнө;
2.Ахунбаев - Тагай Бий көчөлөрүнө;
3.Киев - К. Акиев көчөлөрүнө;
4.Москва- К. Акиев көчөлөрүнө;
5.Осмонкул-Куренкеев көчөлөрүнө;
6.Садырбаев-Кара Коо көчөлөрүнө;
7.Фучик - С. Лазо көчөлөрүнө, №54 Орто мектеп (жөө жүрүүчү);
8.Садырбаев-Матисаков көчөлөрүнө (магистральная);
9.М. Горький - К. Тыныстанов көчөлөрүнө;
10.Чүй проспект –К. Акиев көчөсү;
11. Профессора Зимы-Баялинов көчөлөрүнө, №75 Орто мектеп

Ошондой эле, бүгүнкү күндө 4 транспорттук жана 1 жөө жүргүнчү светофордук объектини пайдаланууга берүү жана кошуу боюнча иштер жүргүзүлүүдө.

Кийинки көчөлөрдүн кесилиштеринде:

1.Л. Толстой - М. Достоевский көчөлөрүнө;
2.Уметалиев - Жибек – Жолу көчөлөрүнө;
3.Ахунбаев – Шералиев көчөлөрүнө;
4.Байтик Баатыр көчөсү 8 жана 9 кчр ортосуна (жөө жүрүүчү);
5.Медеров - К. Тыныстанов көчөлөрүнө.

Транспорт департаменти кесилиштерде 7 транспорттук светофор объектисин курууга конкурс жарыялады:

1.Шералиев-Куюков көчөлөрүнө;
2.Сухэ-Батор -7-Апрель көчөлөрүнө;
3.Салиева-Буденного көчөлөрүнө;
4.Манас-Кокчетавский көчөлөрүнө;
5.Профсоюзная – Бородина көчөлөрүнө;
6.И. Ахунбаев - К. Тыныстанов көчөлөрүнө;
7.Л. Толстой - М. Ауэзов көчөлөрүнө.

Бул светофорлор орнотулуп, үстүбүздөгү жылдын аягына чейин пайдаланууга берилет.