Маалыматың бар болсо -  сак болосуң
 
COVID-19 коронавирустук инфекциясынын жана башка социалдык маанилүү оорулардын алдын алуу максатында Ленин районунун акимиаты №1, 2, 9 үй бүлөөлүк медициналык борборлор жана Бишкек шаардык ден соолукту чыңдоо борборунун Ленин районунун куратору менен биргеликте жарандарга маалыматтык-түшүндүрүү жолугушууларын өткөрүүдө.
 
Жолугушуунун жүрүшүндө лекторлор эмдөөнүн маанилүүлүгү, COVID-19 коронавирустук инфекциясына каршы ревакцинациялоо, ошондой эле социалдык маанилүү оорулардын алдын алуу тууралуу айтып беришүүдө.
 
Бул жолугушуулар № 2, 3, 4, 5 жана Чоң-Арык муниципалдык администрациянын кызматкерлери жана калкы менен, ошондой эле Бишкек троллейбус башкармалыгынын, Борбордук китепкананын, Ленин райондук аскер комиссариатынын кызматкерлери,  Кыргыз-түрк лицейинин, №10 , 27, 94, 97, 100 кесиптик лицейинин окуучулары менен өткөрүлдү.   Жолугушууларга 1000ден ашык адам катышып, 1500 нускада маалыматтык-агартуу материалдары таратылды.