Бишкекте Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаровдун, борбор калаанын мэри Эмилбек Абдыкадыровдун жана Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиевдин катышуусунда №76 мектеп капиталдык оңдоодон кийин ачылды.

Мектептин конструкциясы да бекемделген.

Реконструкциялангандан кийин мектеп 360 окуучуга ылайыкталган. Жер участогунун жалпы аянты 0,54 га, ал эми жайдын аянты 2341 м2.

126,6 м2 аянт имарат спорт залы жана 17 окуу бөлмөсү менен камсыздалган. Мектептин бир блогунун жер төлөсү да бар.

Мектептин ичинде ашкана, кампа, спорт зал, чечинүүчү бөлмө, техникалык бөлмө, жуунучу бөлмө, лаборатория камтылган.

Алгачкы мектеп 1952-жылы курулган. 2018-жылы пайдаланууга жараксыз деп табылып, 2022-жылы реконструкцияланды.

Курулуш иштерин подряддык уюм «Арай» ЖЧКсы жүргүздү.