Балдардын өмүрүнүн жана ден соолугунун коопсуздугун камсыз кылуу максатында 2022-жылдын бюджетине билдирүү баскычтарын (тревожные кнопки) орнотуу үчүн 1 000 000 сом каралган.

Мамлекеттик сатып алуулар порталында Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин күзөт кызматынын борбордук мониторинг станциясына кошулуу менен Ленин районунун мектептерине жана бала бакчаларына сигнализация орнотуу боюнча кызмат көрсөтүүлөргө сынактар өткөрүлүп, 935 424 сом суммасында «ИНФОРМ-ПЛЮС» ЖЧКсы  менен  2 келишим түзүлдү.

Түзүлгөн келишимдердин жыйынтыгы боюнча Ленин районунун 30 мектебине, 18 мектепке чейинки билим берүү мекемесине жана балдар чыгармачыл борборуна кооптонуу баскычтары (тревожные кнопки) орнотулду.

Объектилерди кооптонуу баскычтарын  (тревожные кнопки) колдонуу менен коргоо үчүн жергиликтүү бюджеттен 3 162 816 сом каралып, КР ИИМдин Күзөт кызматы менен келишим түзүлгөн.

Бүгүнкү күндө жаңы ишке берилген № 97 орто мектебинде жана № 18 мектепке чейинки билим берүү мекемесинде кооптонуу баскычтары (тревожные кнопки) орнотула элек. Аталган объектилерге сигнализация орнотуу боюнча тендерлер кайрадан жарыяланат.