Р.Санатбаев атындагы олимпиадалык резервдеги адистештирилген балдар-өспүрүмдөр мектебинин тарбиялануучулары Новосибирск шаарында (Россия) угуусу начар спортчулар арасында волейбол боюнча эл аралык турнирде 3-орунга ээ болушту.
Иш-чарага биздин спортчулардан тышкары Казакстандын жана кабыл алган жактын волейболчулары катышышты.
Жалпысынан 10 команда оюн көрсөтүштү. Тайпанын машыктыруучусу Элмира Султаналиева.
Команданы кубок менен куттуктайбыз жана мындан аркы ийгиликтерди каалайбыз!