Урматтуу шаар тургундары! Эгерде сиз батириңизди оңдоп жатсаңыз же жасай турган болсоңуз, курулуш жана оңдоо иштеринин жүрүшүндө жалпы үй мүлкүнө кам көрүүңүздү суранабыз.

Тактап айтканда, лифтке курулуш таштандыларын же курулуш материалдарын ашыкча жүктөөгө болбойт, анткени бул алардын бузулушуна себеп болот.

Курулуш таштандыларын жана чачылуучу материалдарды кылдаттык менен ташыңыз. Алар көбүнчө лифттин, багыттоочу аркандардын кыймылдуу бөлүктөрүнө түшүп, лифттин мөөнөтүнөн мурда бузулушуна жана токтоп калышына алып келиши мүмкүн.