Бишкек шаарынын Аэрация станциясы (тазалоо курулмалары) өткөн кылымдын 70-жылдары курулган. Тазалоо курулмалары өзүнүн иштеген жылдары ичинде физикалык жана техникалык жактан эскирди. Өткөрмө түтүктөр, темир конструкциялар жана курулмалар  агынды суулардын агрессивдүү чөйрөлөрү менен жандашып, катуу дат басууларга учурады. Аэрация станциясы жаңы технологияларды колдонуу менен масштабдуу реконструкциялоого  жана модернизациялоого муктаж болууда.

Аэрация станциясында 240 киши иштейт. Күнү-түнү, белгилүү коркунучтарга, аябай кир жана катуу иштерге  байланышкан спецификалык иш режиминде иштешет. Эмгек акынын төмөндүгүнүн айынан жогорку квалификациялуу кадрлардын иштен бошонуп кеткендеринин агымы көп болуп жатат.

Бүгүнкү күнү сууну бөлүштүрүүнүн кызмат көрсөтүүлөрүнө болгон тарифтик саясат ченем боюнча агындыларды тазалоо үчүн зарыл болгон чыгымдарына дал келбейт. Калк үчүн агынды төлөмү – 2,3 сомду, бюджетттик уюмдар үчүн – 3 сомду, башка керектөөчүлөр үчүн – 6 сомду түзөт.

Мындан сырткары аэрация станциясынын иш процесси түздөн-түз электр энергиясы менен байланыштуу. 2021-жылдан баштап электр энергияга тариф 40%га көтөрүлгөн.  Ошондой эле бул тарифтик саясат инфляциянын өсүү темпи менен жыл сайын көтөрүлө берет. Ушуну менен бирге шаардык бюджеттен финансылык каражаттар бөлүнбөйт.

Жабдыктар жана курулмалардын иштөөсүнүн эксплуатациялык мөөнөтү мурда эле бүткөндүгүнө карабастан, ишкана штаттык режимде иштеп жатат. Эгерде тазалоо курулмаларына реконструкциялоо жана модернизациялоо жүргүзүлбөсө, анда ишканада өзгөчө кырдаалдар келип чыгышы мүмкүн. Ал эми ишкананын иштеп тапкан акчалары күнүмдүк гана оңдоолорго кетет.

МААЛЫМАТ:

Тазалоо курулмалары Пригородное айылында жайгашкан жана Бишкек шаарын гана эмес, ошондой эле Чүй облусун да аз-аздап тейлейт.

Аэрация станциясынын аянты 51га түзөт. Анын аймагында агынды сууларды тазалай турган техникалык курулмалар жайгашкан. Ишкананын долбоордук кубаттуулугу суткасына 380,0 миң м3 түзөт, иш жүзүндө аэрация станциясына орто эсеп менен суткасына 220,0-230,0 миң м3 таза эмес агындылар келип түшөт.

Тазалоо курулмаларындагы өндүрүш өтө татаал. Агынды суулар үч этапта тазаланат. Биринчи этап – механикалык тазалоо, экинчи этап – биологиялык тазалоо, үчүнчү этап – хлор менен зыянсыздандыруу.