«Бишкексууканал» башкармалыгынын оңдоо-курулуш участогунун адистери Можайский көчөсүндөгү  Манас көчөсүнөн Кызыл-Кыя көчөсүнө чейинки чолок көчөлөргө темир түтүктөрдү төшөштү.

Учурда абоненттерди таза суу менен камсыздоо тармагына кошуу иштери жүрүп жатат.

Жаңы курулган суу түтүктөрдүн жалпы узундугу 113 метрди түзүп, диаметри 57 мм. Ар бир тилкеге диаметри 1500 мм болгон темир-бетон шакекчелер орнотулду.

Адистер жер кыртышын таптап бүтүп, жолду калыбына келтирүү иштерин башташты. Иштин жүрүшүндө бузулган асфальт төшөлмө “Бишкексууканал” башкармалыгынын эсебинен калыбына келтирилет.

Бул участокто иштер абоненттерди муздак суу менен камсыздоо тармагынан ажыратпай жүргүзүлүүдө. Оңдоо иштери аяктагандан кийин 26 абонент жаңы таза суу линиясына өткөрүлөт.